Жогорку соттун төрагалыгына президенттин мурдагы адвокаты сунушталды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети 2-февралда кезексиз жыйынга чогулуп, Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин карап, экөөнү тең жактырды.

Алардын талапкерлигин президент Садыр Жапаровдун атынан президент менен Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов сунуштаган.

Бүгүн, 2-февралда парламент Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды.

Замирбек Базарбеков Садыр Жапаров 2012-жылы октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясында кармалып, соттолгондон тартып анын адвокаты болгон. Ал 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Базарбеков былтыр июнь айында Жогорку соттун судьясы болгон.

Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында турган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты