ЖК Бакирова менен Дүйшеевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды.

Алардын арызына байланыштуу президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттарга кайрылды.

Карыбек Дүйшекеев Конституциялык палатанын төрагалыгына 2019-жылы июлда дайындалган.

Нургүл Бакирова кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу 31-январда президентке арыз жолдогон. Ал бул кызматка 2021-жылы апрель айында шайланган жана ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеп турган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты