Жогорку Кеңеш Базарбеков менен Өскөнбаевдин талапкерлигин колдоду

  • 2 года мурун

Парламент 2-февралдагы жыйынында Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин карап, экөөнү тең жактырды.

Алардын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Замирбек Базарбеков Садыр Жапаров 2012-жылы октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясында кармалып, соттолгондон тартып анын адвокаты болгон. Ал 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Базарбеков былтыр июнь айында Жогорку соттун судьясы болгон.

Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында турган

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты