Конституция күнү: Президенттин куттуктоосу
- 6 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“5-май, Конституция күнү бул Баш мыйзамыбыз кабыл алынган күн гана эмес, ар дайым адилеттүүлүктү туу туткан элибиздин бийик демине жана жаркын келечегибизге болгон бекем ишенимди эске салып турган маанилүү күн” деп айтылат куттуктоодо.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Конституция бул жөн эле беренелердин жыйындысын билдирбестен, ар кыл муунду бириктирген, тамырыбыз менен тарыхыбызды, ошол эле маалда күчтүү, бакубат Кыргызстан тууралуу келечекке болгон кыялыбызды чагылдыруучу негизги документ болуп саналат” деди мамлекет башчы.
Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн.
Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактады.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




