“Комуз формасындагы пирс долбоору өзгөрүүсүз курулат”. Президент сурамжылоо кылган  

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде «Рух Ордо» комплексинде комуз формасындаг пирс долбоору өзгөрүүсүз курула турганын билдирди.

-Анткени мага басма сөз катчым телефон чалып: “Ар ким ар кандай пикир жазып жатышат, каргагандар да бар” дегенде бул мага катуу тийип, сурамжылоо жарыяладым.

Сурамжылоодо элдин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 96 пайызы макул деп добуш беришти. Ошондуктан бул долбоор өзгөрүүсүз калды. Ал жерде комуздун өзү эмес да, болгону сөлөкөтү. Тескерисинче, өлкөбүзгө келген ар бир туристке комузубузду, боз үйүбүздү даңазалап, таанытуу аракети болуп жатат. Мунун эмнеси жаман? “Рух Ордого” келген туристтерге комплексти көргөзүп чыккандан кийин боз үйгө алып барып кыргыздын тамагын берсек жакшы да.

Боз үйдүн ичиндеги ресторанды тейлеген улан-кыздарыбыз дагы улуттук кийимчен болушат. Кыскасы улуттук колоритибизди сактап, чет элдиктерге жайылтсак эмнеси жаман?.., -деди президент Жапаров.

Буга чейин Садыр Жапаров «Рух ордого» комуз формасындагы пирс куруу долбоорун куруу керекпи же жокпу деп, сурамжылоо жарыялаган. Анда соцтармактын айрым колдонуучулары көлдүн жээгинен бир топ алыска пирс куруунун зыяны тууралуу да пикирлерин кошумчалашкан.

Сүрөт: «Рух ордодогу» пирс долбоору. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты