Комсомольск-на-Амуре шаарында жолдо кырсыктаган кыргызстандыктын биринин абалы оор экени айтылды

  • 2 месяца мурун

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Хабаровск крайындагы Комсомольск-на-Амуре шаарында жол кырсыгына кабылган Кыргызстандын эки жаранынын абалы тууралуу маалымат берди.

Жаракат алган жарандар азыркы учурда Хабаровск аймагынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Амурдагы Комсомольск шаарынын №7 шаардык ооруканасында дарыланууда.

Кыргыз Республикасынын Хабаровск крайындагы ардактуу консулдугунун өкүлдөрү жарандарды дарылоо процессине жооптуу дарыгер менен жолугушту.

“Медицина мекемесинин маалыматына ылайык, 2004-жылы туулган И.К.нын абалы туруктуу, аң-сезими жайында, туугандары менен байланышка чыкты 2004-жылы туулган М.А.га шашылыш операция жасалып, башындагы уюган кан алынган, абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, өз алдынча дем алып жатат” деп айтылат маалыматта.

Ардактуу консулдун маалыматына ылайык, 30-апрелде анын өкүлүнүн дарылоочу дарыгер жана университеттин администрациясы менен жолугушуусу пландалган.

Окуя боюнча тергөө органдары тарабынан Орусия кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдалануу тартибин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгондугу белгиленди. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Россиядагы элчилигинин көзөмөлүндө турат.

Мурда маалымдалгандай, Орсиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында 2004-жылы туулган М.А. жана И.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары жол кырсыгына кабылган. 25-апрелде саат 21:00 чамасында 65 жаштагы айдоочу «Тойота Саксид» үлгүсүндөгү унаа менен жөө адамдар өтүүчү жерден жогоруда аталган жарандарды сүзүп кеткендиги айтылган. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты