Комсомольск-на-Амуре шаарында эки кыргызстандык жол кырсыгына кабылган
- 2 месяца мурун
Россиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында 2004-жылы туулган М.А. жана И.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары жол кырсыгына кабылган. Маалыматтарга караганда, 25-апрелде саат 21:00 чамасында 65 жаштагы айдоочу «Тойота Саксид» үлгүсүндөгү унаа менен жөө адамдар өтүүчү жерден жогоруда аталган жарандарды сүзүп кеткен.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин Владивосток шаарындагы бөлүмү жана Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу Хабаровск крайынын укук коргоо органдары менен байланышта болуп, бул окуянын бардык жагдайларын тактап жатышат. Россия тарапка окуя боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүү жана жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Жабыркагандардын туугандарына консулдук-укуктук кеңеш берилип жатат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан