Композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнөдөн кайтты

  • 2 года мурун

Кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Даңк” медалынын ээси жана Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги Жылдыз Абдыласовна Малдыбаева 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Фейсбук баракчасында билдирди.

Жылдыз Малдыбаева 1946- жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал СССРдин эл артисти , Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Эылдыз малдыбаева Шубин атындагы музыкалык мектепти жана М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн.

1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы аяктаган.

1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (И. Арабаев атындагы университет) иштейт. Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан.

Кыргыздын элдик музыкасынын өзөгүндө чыгармачылыгы калыптанган, лирикалык маанайдагы композитордун изденүүлөрү Кара Караевге арналган үч бөлүмдөн турган симфониясы, «Али баба жана кырк каракчы» балеттик сюитасында таасын көрүнөт.

«Биздин мезгил», «Арноо», «Манас келди», «Рахмат турмуш», «Бишкек», «Ысык-Көл» ж. б. лирикалык, патриоттук ырлары угуучулардын сүйүктүү чыгармалары, ондогон камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепьяно үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы жана виолончель, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары да угуучуларга белгилүү.

«Күнөстүү арал» көркөм фильмине, «Июлда үч күн», «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оюмдагы жомок» даректүү жана балдар фильмдерине да музыка жазган.

Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Россияда чыгармалары угуучуларга тартууланган. «Ырлар», «Фортепьяно үчүн пьесалар» жыйнактары, камералык оркестр үчүн сюитасы ж. б. чыгармалары бар.

Сүрөттө: Жылдыз Малдыбаева. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты