Композитор Сталбек Бактыгулов дүйнөдөн кайтты

  • 8 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган.

1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.

Эмгек жолун 1979-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик Кыз-келиндер институтунда, (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ) окутуучу болуп иштөө менен баштаган.

Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган композитор көптөгөн симфониялык, камералык-аспаптык чыгармаларды, кино жана драмалык спектаклдердин музыкаларын, обондорду жаратуу менен бирге эле, Бишкек шаарындагы музыкалык окуу жайларда окутуучу болуп эмгектенип, бир катар таланттарды, шакирттерди тарбиялап чыгаруу менен кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошту.

Сталбек Бактыгулов — чыгармачылыктагы жетишкендиктери үчүн 2017-жылы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалы менен сыйланган.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 31- августта саат 15: 00 дө «Чыгыш-5» кичи районундагы өзү жашаган үйдө өтөрү айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты