Коммерциялык жайды рейдерлик басып алууга шектүү компания директору кармалды
- 3 недели мурун
- Видео
Коммерциялык жайды рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору Ш.Б.Г. кармалды. Ал эми негиздөөчүсү М.Б.Э.ге издөө жарыялады.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди .
Маалыматта айтылгандай, 2016-жылы М.Б.Э. менен «Альянс Курулуш Плюс» компаниясынын өкүлү катары Казакстандын жараны М.А.нын ортосунда Бишкек шаарынын 3-кичи районунда социалдык, маданий жана тиричилик объектилери бар турак жай имаратын куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө келишим түзүлгөн.
Бирок, 2018-жылы өз ара пикир келишпестиктердин келип чыгуусунан улам, М.Б.Э. маркум Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн жардамы аркылуу, курулуш компаниясынын жетекчилигинен коркутуу жолу менен, аталган объектидеги коммерциялык жайды тартып алып, өзүнүн жакын тууганына каттаткан.
Андан тышкары М.Б.Э. башка үлүшчүлөрдүн мыйзамдуу укуктарын тебелеп, үйдүн курулушун аяктоо иштерине тоскоолдук жараткан.
23-декабрда «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору Ш.Б.Г. кармалды. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Компаниянын негиздөөчүсү М.Б.Э. га издөө жарыяланды.
Издөө жарыяланган адам «Жаннат резорт», «Таш-Рабат» ж.б. комплекстеринин, курулуштардын жана жер участокторунун ээси Бозулан Мамазаиров экени белгилүү.
Сүрөт: УКМК




