Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө»  мыйзамга жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова баш болгон Жогорку Кеңештин 30 дан ашуун депутаты.   

Мыйзам долбоорунда бир катар мыйзамдар сунушталууда:

—чет мамлекеттин  өкүлүнүн функциясын аткаруучу коммерциялык эмес уюм – чет мамлекеттерден, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо көрсөтүлгөн булактардан акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алуучу, алар ыйгарым укук берген жактардан акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алуучу  жана анын ичинде чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу саясий иштерге катышкан, Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

-Саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса (анын ичинде каржылоо жолу менен), Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан саясий ишке катышкан болуп таанылат.

-Коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.

-Коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин көлөмү жана түзүмү, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун мүлкүнүн көлөмү жана курамы, анын чыгымдары, кызматкерлердин саны жана курамы жөнүндө, алардын эмгегине акы төлөө, коммерциялык эмес уюмдун ишинде жарандардын акысыз эмгегин пайдалануу тууралуу маалыматтар коммерциялык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес.

-Коммерциялык эмес уюмдар ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши жөнүндө, жетекчи органдарынын жеке курамы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, акча каражаттарын чыгымдоонун жана башка мүлктү, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан алынгандарды пайдалануунун максаттары жөнүндө документтерди, ал эми чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар ошондой эле аудитордук корутундуну берүүгө милдеттүү.

-Чет мамлекеттин өкүлүнүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилген документтерде чет өлкөлүк булактардан алынган мүлктү акча каражаттарын жана башка мүлктү чыгымдоонун максаттары жөнүндө, жана алардын иш жүзүндө чыгымдалышы жана пайдаланылышы тууралуу маалыматтар камтылышы керек.

-Чет мамлекеттин өкүлүнүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши жөнүндө, жетекчи органдарынын жеке курамы жөнүндө отчетту камтыган документтерди жарым жылда бир жолу, акча каражаттарын чыгымдоонун жана башка мүлктү, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан алынган мүлктү пайдалануунун максаттары жөнүндө документтерди – ар квартал сайын, аудитордук корутундуну – ар жыл сайын беришет.

Ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрү – ар жыл сайын, ал эми чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар – жарым жылда бир жолу өзүнүн иши жөнүндө, анын ичинде өзүнүн негиздөөчүлөрү, мүлкүнүн курамы жөнүндө, түзүүнүн булактары тууралуу жана акча каражаттарын чыгымдоонун багыттары жөнүндө отчетту жалпыга маалымдоо каражаттарына беришет же “Интернет” тармактарына жайгаштырышат.

Ушул жана башка өзгөртүүлөр сунушталып жатат.

10-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова чет жактардан каржы алган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылды. Нарматова өз сөзүндө чет жактан каржы алган ЖМКлар жана уюмдар элди бөлүп-жарып жатканын айткан. 

Мыйзам 2014-жылы талкууга коюлуп, сынга кабылган

“Чет элдик тыңчылар” жөнүндөгү мыйзам 2014-жылы 26-майда Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова тарабынан Жогорку Кеңешке сунушталган. Мыйзам долбооруна ылайык, “саясий ишмердүүлүк менен” алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик тыңчы” макамын алышат. Бирок ошол эле маалда мыйзам долбоорунун авторлору “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгүнө так аныктама бере алышкан эмес. 

Бул мыйзам долбоорун 2016-жылы Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 111 депутаттын 65и каршы добуш берип, артка кайтарышкан. Талкууга катышкан көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоор жарандык коомчулукту чектеп, Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирерин билдиришкен.

Аталган мыйзамга окшош долбоорду 2019-жылдын декабрында депутат Бактыбек Райымкулов сунуштаган. Кийинчерээк анын демилгесине дагы жети депутат кошулган. Алар “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап чыгышкан.

Бирок, бул мыйзам да 2014-жылдагы долбоордогудай эле чуу жараткан. Анткени депутаттар сунуштаган мыйзамдын көпчүлүк бөлүгү Россиянын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына абдан окшош экени белгилүү болгон. Алсак, бейөкмөт уюмдардын каржы булактары жөнүндөгү берененин дээрлик бардык пункттары Россиянын мыйзамына окшош экенин көрүүгө болот. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты