15-июлда жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталат
- 12 месяцев мурун
2024-2025-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталат.
Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Кабыл алуу беш тур менен өтөрү айтылды.
I тур – 15–20-июль
1) сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 15-17-июль,
2) сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль саат 14:00,
3) окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 18-июль саат 10:00гө чейин,
4) абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 18-20-июль саат 16:00гө чейин;
Быйыл Кыргызстандагы мектептерди аяктаган 60 миңдей окуучудан 50 миң 741 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. ЖРТдагы босого 110 упайдан көп алгандар жалпы тест тапшыруучулардын 66,9% түздү. ЖРТга катышкандардын ичинен 58 окуучу “Алтын сертификат” алган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан