Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору: Депутаттардын кимиси макул, ким каршы добуш берди?

  • 6 месяцев мурун
Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору: Депутаттардын кимиси макул, ким каршы добуш берди?

25-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана (Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Жыйында 72 депутат катталган, анын 52си макул деп добуш берген, 7 депутат каршы болгон, 13 депутат добуш берген эмес, 18 депутат жыйынга катышкан эмес.

Мыйзам долбооруна биринчи окууда ким каршы чыгып, ким макул катары добуш берген тизмени 24 kg агкнттиги жарыялады. Тизмеде көрүнүп тургандай, «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзам долбооруна каршы добуш берген депуттаттар: Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Гуля Кожокулова, Эрулан Кокулов, Исхак Масалиев, Максатбек Сарбагышев, Балбак Түлөбаев,

Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору: Депутаттардын кимиси макул, ким каршы добуш берди?

25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыкты. жана мыйзам долбоору талкуусуз эле биринчи окууда кабыл алынды.

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКларга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты