Коммерциялык банктарга алтын жана күмүштү сатуу-сатып алуу укугун берүү жагы каралууда

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Анда экономиканы өнүктүрүү маселеси жана тармактын көйгөйлөрү талкууланды. 

Акылбек Жапаров ата мекендик банк секторун өнүктүрүү боюнча келечектүү багыттар тууралуу айтып берди. Мисалга, коммерциялык банктарга алтын жана күмүштү өлчөнгөн куймалар жана монеталар түрүндөгү сатуу жана сатып алуу укугун берүү мүмкүнчүлүгү каралууда, бул валюталык тобокелдиктерди диверсификациялоо механизмдеринин бири болуп калат.

Ошондой эле ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу, мисалы, чакан ГЭСтерди куруу үчүн ресурстарды мобилизациялай турган банктардын консорциумун түзүү болжолдонууда.
 Мындан тышкары, еврооблигациялар рыногуна чыгуу пландаштырылууда, б.а. Кыргызстандын коммерциялык банктары баалуу кагаздарын эл аралык фондулук биржаларга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
 
 Кеңешмеге катышкан мамлекеттик органдардын жана банк секторунун жетекчилери улуттук экономиканын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча зарыл чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты