Кой-Таш окуясы: Экс-депутат Ирина Карамушкина милицияга суракка чакырылды

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкина милицияга суракка чакырылды. Ал Кой-Таш окуясы учурунда бир карапайым адам каза таап, аны жашыруун көөмп салышты деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айтканынан улам суракка чакырылган.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы билдирди.  

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абак жайынан чыккандан кийин, 2023-жылдын 14-февралында, Кой-Таш окуясы учурунда, 2019-жылдын 7-8-августунда, аны карапайым адамдар коргоп жаткан учурда, бир киши каза таап, ал жашыруун жерге берилгендиги тууралуу айткан. 2023-жылдын 16-февралында айтылгандар Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине текшерүү үчүн катталган

Ирина Карамушкина да парламент депутаты болуп турган кезинде, 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш окуясы учурунда бир адам каза таап, анын жашыруун жерге берилгендиги тууралуу маселе көтөргөн.

Бул Талас районунун ИИБ тергөө кызматкерлери тарабынан текшерүү учурунда, К.М. аттуу жарандын өлүмү Кой-Таш окуясы менен байланыштуу эместиги аныкталган. Ал Талас районунда тоодо мал издеп жүрүп, өзүн өзү 12-калибрдеги мылтык менен атып алгандыгы белгилүү болгон. Бул иш кылмыш курамы жок болгондуктан жабылган.

Ошентип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана мурдагы депутат Ирина Карамушкинанын айткандары иш жүзүндө далилденген эместиги маалымдалды.

Ички иштер министрлиги жарандарды такталбаган маалыматты таратпоого чакырды.

Кой-Таш окуялары боюнча сот иштери биринчи инстанцияда кайра карала баштады.

Сүрөт: kenesh.kg

                   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты