Кочкордогу жол кырсыгынан төрт киши жабыркады  

  • 3 года мурун

Кочкор районунда 2-декабрь күнү саат 21:08 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында “КамАЗ” оор жүк ташуучу унаасы жана Toyota Nadiа унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 4 киши жабыркаган (1 эркек: 1985-жылы туулган Ө.М., 2 аял: 1990-жылы туулган, К. к Г., 1951-жылы туулган С.И. жана 1 аял  1993-жылы туулган) Т.А. оор жаракат алган.

Ал жакка куткаруучулар  тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз борбору.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты