Кочкордо жол кырсыгынан бир адам каза болду
- 3 года мурун
Нарын облусунун Кочкор районунда унаа кырсыкка учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Кубакы ашуусу) Skoda Octavia үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, экинчиси жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда. Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Муну бөлүшүү