Кочкордо Көл-Үкөк жайлоосуна алып баруучу көпүрөнү сел алып кетти

Кочкордо  Көл-Үкөк жайлоосуна алып баруучу көпүрөнү сел суулары агызып кеткен. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимге көпүрөнү мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүү сунушталды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Кара-Күнгөй айылындагы селден коргоочу дамбада жана суу өткөрүүчү тилкелерде суунун агымын жөнгө салуу, дамбанын бекемдигин күчөтүү жана кошумча алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусунун Кочкор районуна иш сапары менен барып, сел жана суу каптоо катталган аймактардагы абал менен жеринде таанышты.

Министр табигый кырсыктан жабыркаган тилкелерди кыдырып, жүргүзүлүп жаткан авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн текшерди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигигн кызматкерлери жана тиешелүү мекемелер менен бирге баа берди.

Иш сапардын жыйынтыгында өзгөчө кырдаал келип чыгуу тобокелдигин азайтуу боюнча чаралар аныкталып, калыбына келтирүү жана алдын алуу иштерин ыкчам жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты