Кочкор жана Лейлек райондорунда жер титиреди

  • 3 недели мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 25-апрелде, саат 16:37де өлкө Нарын облусунун Кочкор районунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Саат 16:32 де Баткен облусунун Лейлек районунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 3,5 балл, Арсы, Кочкор, Кара-Тоо, Кара-Суу, Большевик айылдарында жана Орто-Токой суу сактагычынын аймагында 3 баллга ( Семиз-Бел айылынан 8 чакырым түндүк чыгышта, Орто-Токой суу сактагычынан 12 чакырым түштүк батышта, Кочкор айылынан 15 чакырым түндүк чыгышта, Балыкчы шаарынан 30 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Ал эми саат ушул эле күнү, 25-апрелде, саат 16:32де Баткен облусунун Лейлек районунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Коргон айылында 2.5 баллга ( Коргон айылынан 6 чакырым түндүк чыгышта, Баткен шаарынан 50 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты