Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы үйдөн чыккан өрттү эки саат өчүрүштү
- 3 недели мурун
Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Жар айылында бүгүн, 27-февралда, турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 15:52де Кочкор районунан бир, саат 16:40да дагы бир бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 17:55 те өчүрүлдү.
Өрттүн себеби такталып жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү