Кочкор-Атада дарыгер УКМК кызматкерине пара берүү аракети учурунда кармалды

28-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерине 2000 АКШ

доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет учурунда Кочкор-Ата шаардык жалпы медициналык практика борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Т.Г.Х. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган адам Бишкектеги Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин жогорку билим тууралуу жасалма дипломду пайдаланып жаткандыгы аныкталган.

Бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн КР УКМК кызматкерине пара сунуштаган.

Кармалган жаран мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч- Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген.

Аталган факты кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (пара берүү) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталган.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты