КМТУда күн электр станциясынын көрсөтмөлүү ачылышы өттү

  • 8 месяцев мурун

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде күн электр станциясынын көрсөтмөлүү ачылышы өттү.  Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапарой катышты.  

«Университеттин чатырына орнотулган күн станциясы электр энергиясын гана өндүрүп тим болбостон, студенттер үчүн бул процессти өз көзү менен көрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Биз кубанычтабыз жана мындай демилгелерди колдоого дайым даярбыз” деди Акылбек Жапаров. 

«Мен биздин окуу жайлардын илимий жетишкендиктерин дайыма көзөмөлдөп турам. Маселен, 24,5 миң студент билим алып жаткан техникалык жогорку окуу жайынын кирешеси 1 миллиард сомго жетти. Быйыл QS Asia University Rankings 2024 рейтингинде Азиядагы эң мыкты жыйырма университеттин катарына кирди. Эми болсо дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 20га кирет деп ишенем” деп жыйынтыктады сөзүн МинКаб төрагасы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты