Биринчи күн электр станциясы Кемин районунда ишке киришти

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясынын расмий ишке киргизүү аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

-Бүгүнкү күндө энергетика секторунда гидроэлектр станцияларынан сырткары, альтернативдүү булак катары күндөн, шамалдан электр кубатын өндүрүү биздин стратегиялык максаттарыбыздын бири болуп калды. Мынакей, анын алгачкы мисалы катары бүгүн Кемин жергесинде күн электр станциясын ишке берүүнүн алдында турабыз. Бул саамалык – биз үчүн абдан сонун жаңылык, тарыхый күн. Эми биз чакан ГЭСтерди куруудан сырткары, жаңы электр булагы катары күн электр станциясынан да электр кубатын ала баштайбыз,-деди президент.

Биринчи күн электр станциясы Кемин районунда ишке киришти
Биринчи күн электр станциясы Кемин районунда ишке киришти

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты