Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясынын биринчи фазасы ишке киргизилди

  • 4 недели мурун

Садыр Жапаров 14-июнда Кызыл-Өрүк айылында кубаттуулугу 175 мегаватт-пик (МВтп) болгон “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын биринчи фазасын ишке киргизүү аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болгон бул күн электр станциясын куруунун бардык этаптарын ишке ашырууга болжол менен 1,5 млрд АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу каралгандыгын кошумчалады.

“Бүгүн биринчи этабы ишке киргизилип жаткан, максималдуу кубаттуулугу 175 МВт күн электр станциясынын инвестициялык көлөмү 131 млн АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күнгө карата анын 80 млн доллардан ашуун каражаты өздөштүрүлгөн.

Долбоордун курулушуна 250дөн ашуун кыргыз жарандары тартылды. Станция пайдаланууга толук берилгенден кийин болжол менен 150 туруктуу жумуш орду түзүлүп, алардын негизги бөлүгүн жергиликтүү адистер түзөт”деди президент.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ошондой эле компаниянын аймактын өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи. “ROX Group” компаниясы жерди пайдалануу үчүн төлөгөн салыктан тышкары өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын 1 пайызын Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр – Тамчы айыл өкмөтүнүн бюджетине которот.

“Бүгүнкү күндө станция өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна ийгиликтүү кошулуп, Кыргыз Республикасынын электр тармагына 28,7 миллион кВт саат электр энергиясын берди. Ал эми биринчи этап толук кубаттуулукта иштеген шартта жыл сайын болжол менен 295 миллион кВт саат электр кубатын өндүрөрү күтүлүүдө” деп билдирди.

 Ал бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында жылына 362 миллион кубометр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүчү станцияны ишке киргизилип жатканын өзгөчө белгиледи. Ал эми күн электр станциясы толугу менен 1900 МВт (айына 273 миллион кВт/саат) кубаттуулукта иштегенде жылына 3,9 миллиард куб метрге чейин суу үнөмдөлөт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты