Булан Институту жана Раззаков атындагы КМТУ күн энергиясы боюнча атайын тренинг баштайт
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) күн панелдерин орнотуу жана тейлөө боюнча сегиз күндүк окутуу курсу башталды. Бул тренинг Булан Институту (Bulan Institute) менен КМТУнун биргелешкен долбоорунун алкагында, Женева шаарынын мэриясынын каржылык колдоосу менен уюштурулууда.
Программага Улуттук энергетикалык тармактардан (НЭС) жана Райондук электр тармактарынан (РЭС) келген 12 адис катышууда. Алар теориялык сабактарды, лабораториялык иштерди жана практикалык окутуу сессияларын камтыган интенсивдүү даярдыктан өтүшөт. Катышуучулар күн энергетикасынын заманбап технологияларын, күн модулдарын кантип долбоорлоо, орнотуу керектигин жана техникалык тейлөө ыкмаларын үйрөнүшөт.
Булан Институтунун директору Чолпон Орозобекова бул долбоор өлкө жана регион үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи:
«Бүгүнкү күндө күн энергетикасы боюнча адистердин тартыштыгы бир гана Кыргызстанда эмес, бүтүндөй Борбор Азияда байкалууда. Биздин долбоор өлкөдө күн панелдерин кеңири орнотууга жана колдонууга өбөлгө түзүүнү максат кылат. Биз окуткан адистер күн электр станцияларында иштеп эле тим болбостон, жарандар үчүн күн панелдерин да орнотуп беришет» деди Чолпон Орозобекова.
Бул окутуу Булан Институту менен КМТУнун энергетиканын калыптанма булактарын өнүктүрүүгө жана улуттук деңгээлде адистердин потенциалын жогорулатууга багытталган иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.




Булан Институту (Bulan Institute for Peace Innovations) — Женева шаарында жайгашкан эл аралык уюм. Чолпон Орозобекова бул уюмдун негиздөөчүсү жана директору болуп саналат.
Сүрөттөр: Булан институту
Байланыш үчүн:
Bulan Institute
Email: [email protected]
Website: www.bulaninstitute.org
WhatsApp: +41 77 957 12 37




