КМШ саммитине байланыштуу Жогорку Кеңештин эртеңки жалпы жыйыны жылдырылды
- 7 месяцев мурун
Көз Карандысыз Шериктештер мамоекеттерини башчыларынын Бишкекте өтө турган саммитине байланыштуу Жогорку Кеңештин (ЖК) эртең, 12-октябрда, боло турган жалпы жыйыны кийинки жумага жылдырылды.
Бул тууралуу ЖКнын бүгүнкү, 11-октябрдагы жыйынында чечим кабыл алынды. Депутат Жаныбек Кыдыкбаев Министрлер кабинети саммитке байланыштуу ЖК жыйынына келе албагандыктан, жыйынды кийинкиге жылдыруу сунушун айтты. Сунуш 66 депутаттын колдоосу менен жактырылды.
Ошондой эле 12-13-октябрда борбор шаарда мектептер, жогорку окуу жайлар онлайн окууга өтөт, балдар бакчалары да иштебейт.
13-октябрда Бишкекте КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммити өтөт.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү