Бишкекте 13-октябрда КМШ лидерлеринин саммити өтөт

  • 7 месяцев мурун

13-октябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин жыйыны өтөт.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирди.

“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат. КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө” деди Азымбакиев.

КМШ лидерлеринин саммити былтыр Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

КМШ — СССР таркаган соң анын мейкиндигинде пайда болгон эгемен өлкөлөрдүн бирикмеси. Алгач Орусия, Беларус жана Украина 1991-жылдын 7-8-декабрында Беловеж келишиминин алкагында “Суверендүү Мамлекеттердин Союзун” түзгөн.

Кийинки сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аларга ошол эле жылдын 21-декабрында Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан да кошулган. Уюм ошондон кийин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги – КМШ деп аталып калган.

Уюмга мурдагы советтик республикалардан Латвия, Литва, Эстония кошулган эмес. Грузия 1993-жылы кошулуп, 2008-жылы Орусия ага кол салгандан кийин кайра чыгып кеткен. КМШнын негиздөөчүсү болгон Украинанын бийлиги 2014-жылы анын Крым жарым аралын Москва аннексиялап алгандан кийин уюмга мүчөлүгүн токтотконун жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты