ӨКМге Орусиядан жардам катары келген “МИ-8” тик учагы тапшырылды

Президент Садыр Жапаров 17-октябрда өзгөчө кырдаалдар министрлигине адам өмүрүн сактап калууга жана куткаруучулардын шашылыш жардам көрсөтүүсүнө багышталган “МИ-8 МТВ- 1” тик учагын тапшырды.

Тик учак 2022-жылы Орусия өкмөтүнүн өрт өчүрүүчү жана тик учак техникасын сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө токтомунун негизинде берилип жатат. Бул документке ылайык, 20 млн АКШ доллар өлчөмүндө өрт өчүрүүчү жана тик учак техникасы түрүндө техникалык жардам көрсөтүү эки этап менен ишке ашыруусу каралган.

Биринчи этапта жалпы суммасы 8 млн долларга барабар болгон 40 өрт өчүрүүчү автоцистерна сатылып алынып, Бишкек шаарына жеткирилген. Экинчи этапта 12 млн АКШ долларынан ашык суммага барабар болгон МИ-8 МТВ 1 тибиндеги тик учак Бишкекке жеткирилди.

МИ-8МТВ тик учагы — жүргүнчүлөрдү ташуучу, транспорттук жана өрткө каршы варианттарында чыгарылган көп максаттуу тик учактардан. Тик учактын негизги максаты – жүк бөлүгүндө 4 тоннага чейинки салмактагы жүктөрдү ташуу, таразалоочу аппарат менен жабдылган вертолетко орнотулган тышкы кабелдик асма чоң өлчөмдөгү жүктөрдү ташууга мүмкүндүк берет.

Тик учак адамдарды ташуу үчүн колдонулушу мүмкүн, ал үчүн жылытуу жана желдетүү системасы менен жабдылган жүк ташуучу кабинада 24 кишилик бүктөлүүчү отургучтары бар. Бейтаптарды ташуу үчүн кабинада 12 замбил жана тиешелүү медициналык жабдууларды орнотуу үчүн түйүндөр бар. МИ-8МТВ 1 тик учагы жөнөкөй жана татаал аба ырайынын шарттарында аэродромдордон жана даярдыгы жок аянттардан күнү-түнү өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара алат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты