ӨКМ жарандарга Казакстанга жана Орусияга унаа менен барбай турууну эскертти

  • 3 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандык жарандарды Казакстан аркылуу Орусия жана Казакстан аймагына убактылуу унаа менен баруудан карманып турууга чакырат.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун берген маалыматына ылайык, 8-февраль күнү аба ырайы кескин өзгөрүлүп Самара-Шымкент унаа жолунун айрым жерлеринде кар күрткүдөн улам унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Кызыл-Ордо жана Түркестан шаарларына жакын тилкелерде унаа жолу толугу менен жабылган.

9-февраль күнү Актөбе облусунун Кара-Бутак айылынан Хромтау шаарына чейин жеңил унааларга жол ачылган.

Шаардагы №3 жана №5 орто мектептеринде ачылган жылынуучу пункттарга жолдо калган жарандар тамак-аш менен камсыздалып, жайгаштырылган.

Учурда «Казавтожол» ААКнын жана Казакстан куткаруучулары жолду ачуу боюнча иш алып барууда.

Мындан улам Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандык жарандарды Казакстан аркылуу Орусия жана Казакстан ймагына убактылуу унаа менен баруудан карманып турууга чакырат.

Унаа жолдо Кыргызстандын 7 жараны Казакстандын Ак-Төбө облусунун Кара-Бутак айылында кар күрткүдө калган. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандар менен байланышканда, абалдары жакшы экендигин жана бара жаткан жол техниканын жардамы менен ачылып, Россия Федерациясына багытын улагандыгын билдиришкен.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты