ӨКМ: Тоолуу райондордо кар күрткү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт  

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-марттан 26-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 85-87-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-2-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Андыктан ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертти.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты