ӨКМ: Тоолуу аймактардын жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

  • 1 год мурун

26-февралдан 27-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жана кар күрткү түшүүсү күтүлөт.  

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Төмөнкү жолдордо кар көчкү жана кар күрткү күтүлөт:

— Ала-Бука — Жаны-Базар — Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);

— Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

ӨКМ алыскы сапарга чыгууда унанын техникалык абалына көңүл буруп, дары-дармек, кургак азык, суу болушун камсыздоону суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты