ӨКМ телефон шылуундарынан сак болууну эскертти
- 2 месяца мурун
«Коомчулукту аралаган, жарандарды алдаган телефон шылуундары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) да жетти»,- деп билдирди аталган мекеменин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, шылуундар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилеринин сүрөтүн сактап, атын, фамилиясын жазып ӨКМге тиешелүү башкармалыктардын, мекемелердин кызматкерлерине түрдүү шылтоолор менен тапшырмаларды берип жаткан учурлар катталган.
«Эгер сизге +996 220 325 260 же башка тааныш эмес телефон номерлери аркылуу ӨКМ жетекчилеринин атынан кайрылса, тапшырма берсе, сөзсүз түрдө жетекчинин өз номерине түздөн-түз кайрылып, маалыматты тактап алыңыз. Жетекчинин өзүнө билдирип коюуну да унутпаңыз»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, ӨКМ жарандардан чоочун номерлерге өздүктү тактаган документтерди, банктык карталарды жана башка маалыматтарды берүүдөн баш тартууну жана жашыруун маалыматтарды берүүдөн, акчалай каражаттарды алдатып жиберүүдөн сак болууну суранды.
Сүрөт: интернет булактары