Өкмөт ЖЭБге көмүр алып келүүнү казак компаниясына берди
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко «Фейсбук» баракчасына Министрлер кабинетинин Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр алып келүүнү казакстандык компанияга берүү тууралуу тескемени чыгарды.
Ал тескемеге ылайык, «Электр станциялары» акционердик коомуна таандык Бишкек ЖЭБдин от казандарын тейлөө милдети да көмүр алып келе турган Hampton Resources Limited компаниясына берилет.
Президенттин расмий сайтына бул маалыматты тастыктаган түшүндүрмө чыкты.
«Президент Садыр Жапаровдун Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатындагы тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн төмөндөтүү жана борбордогу экологиялык кырдаалды жакшыртуу, кара түтүн боюнча кырдаалды чечүү, ошондой эле 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында Министрлер кабинети бир катар натыйжалуу чараларды көрүүдө» деп айтылат расмий маалыматта.
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстандын Караганда облусунда иш сапары менен болгон. Ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышкандан кийин «Ко» маркасындагы көмүрдү алуу сунушталганы кабарланды.
Аталган компания Карагандадан көмүр ташыйт. Депутат Никитенко жеке менчик чет элдик компанияга мындай стратегиялык маанилүү объектини берүү чечимин сынга алды.
Никитенко казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы Кыргызстанда биринчи ирет пайда болбогонун, жыл башында, январь айында ошол кездеги вице премьер-министр Равшанбек Сабиров компаниянын өкүлдөрү менен жолукканын да жазды.
Ачык маалымат булактарында Hampton Resources Limited мекемесинин кеңсеси Лондондогу даректи көрсөтүп, Казакстандагы айрым компаниялар менен кызматташары жазылган.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилдери үчүн 1 миллион 650 миң тонна көмүр менен камсыздалышы керек. Анын миллион тоннасы жергиликтүү – Кара-Кеченин көмүрү. Калганы Казакстандан импорттолот. Андан тышкары, “Газпром-Кыргызстандан” 68 миллион кубметр газга келишим түзүлгөн.
2018-жылы январда ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн жылуулугу жок калган. Кийин ишкананын реконструкциясы боюнча «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, айрым мурдагы жетекчилер соттолгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан.