Өкмөт үйүнүн алдында казиного каршы акция өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 29-июнда, Өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанда казино ачууга каршы акция өттү.

«Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдагандай, акцияга онго чукул адам катышты.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты