ӨКМ: «Сосновка» жана «Арал» постуна чектөө кирди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 20-декабрда саат 11:30дан тартып Жайыл районунун «Сосновка» постунда, ал эми саат 10:40тан тартып Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөө Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кирген.

Кошумча маалыматтар берилери айтылды.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты