ӨКМ: Сокулукта вагон өрттөнүп, бир адам каза тапты

  • 2 года мурун

Чүйдүн Сокулук районунда вагон өрттөнүп, кырсыктын кесепетинен бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМден билдиришкендей, Западное айылында аянты 24 чарчы метр келген вагон толугу менен күйгөн. Вагондун ичинен 51 жаштагы П.С. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

ӨКМдин маалыматына ылайык, акыркы суткада республиканын аймагында жети өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө ӨКМден тогуз бөлүм тартылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты