ӨКМ: Ооруканадагы өрт өчүрүлдү. Чыгымдар такталууда
- 3 months мурун
Аксы районунун Кербен шаарынын Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан чыккан өрт өчүрүлгөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, саат 11:23тө толук өчүрүлгөн.
Ооруканадан 72 жаран эвакуацияланган. Жабыркагандар тууралуу маалымат катталган жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.
Бүгүн, 13-мартта, Кербен шаарынын Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан өрт чыккан.
Муну бөлүшүү