ӨКМ: Каракол-Эңилчек жолунда кар көчкү күтүлөт

  • 1 год мурун

3-марттан 5-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана катуу шамалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү жана көчкү куймалары пайда болушу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМ алыс жолдо жүрүүдө эрежелерди туура сактоого, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелишине жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты