ӨКМ кар түшкөн Аксай, Арпа өрөөндөрүндө туруктуу байланыш бар экенин кабарлады
- 12 месяцев мурун
Ат-Башы районунун Арпа, Ак-Сай өрөөндөрүндө учурда абал туруктуу. 2-июнда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Нарын башкармалыгынын куткаруучулары өздөрү менен чөп жүктөй барып, малчылардан кайрадан кабар алганын кабарлады.
1500дөй кою менен жайлоого эртелей чыккан чабан аба ырайы катаалдагандыктан, 1-июнда малы менен ылдый түшкөн. Бул күнү жайлоодо калып калган чабандардан кабар алып, ӨКМдин Нарын башкармалыгынын куткаруучулары жардам беришкен.
Арпада кардын калыңдыгы 20-25 сантиметр, Кында ашуусунда, Ак-Сайда 15 сантиметр кар түштү, абал туруктуу жана тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.
Бул өрөөндөрдө чабандар менен байланыш бар. Тоютсуз калган малга мал ээлери тоют жеткирип, Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү техникадан жана күйүүчү майдан жардам берип жатышат.
ӨКМ аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу шашылыш билдирүүлөрдү алдын ала таркатып, жергиликтүү бийликтегилерге жарандык коргонуу кызматтарынын инженердик техникалары ыкчам даярдыкта кармоону эскерткен.
Сүрөт: ӨКМ




