ӨКМ эскертет: Катуу шамал күтүлөт
- 2 года мурун
ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт.
Батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
“Шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс болуңуздар” деп эскертет ӨКМ.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




