ӨКМ: Чолпон-Атада селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда

  • 7 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн өздүк курамы жана жарандык коргонуу кызматынын кызматкерлери менен бирге Чолпон-Ата шаарында кыяндын кесепеттерин жоюу иштерин улантышууда.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Кечээ нөшөрлөгөн катуу жамгырдан кийин кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган. Маалыматта айтылгандай, учурда сел сууларды тазалоо максатында ӨКМден 25 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 25 кызматкер, жергиликтүү бийликтен жана тургундардан 35 адам жалпысынан 85 адам тартылды.

Чоң көлөмдөгү оор жумуштарды аткарууга 8 техника жана 1 мотопомпа жеринде иштеп жатат.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты