ӨКМ: Ысык-Көл районунда сел кесепеттерин жоюу иштери башталды

  • 7 месяцев мурун

20-сентябрда нөшөрлөгөн жамгырдан улам, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда кокту-колоттордон келген сел суулары Чолпон-Ата шаарындагы жана Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматта ал жерге өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 50 куткаруучу, 2 экскаватор,  мотопомпа, экскаватор, жүктөгүч, жалпы 7 техника тартылгандыгы айтылат. Мындан сырткары ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ да барган.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратып, 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн билдирген.

Сүрөт: ӨКМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты