ӨКМ: Бишкекте «Кудайберген» базарынан эмес, «Геология» унаа тетик базарынан өрт чыккан

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 15-мартта, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан “Кудайберген” базарында өрт чыкканын билдирген. ӨКМ тактоо киргизип, өрт «Кудайберген» базарынан эмес, унаа тетиктерин саткан «Геология» базарынан чыкканын кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)  Бишкек шаардык башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрттүн болжолдуу аянты 250 ч.м. түзөт.

Тилсиз жоодон жарат алган жарандар жок. Өрт кырсыгында 6 күжүрмөн эсеп, штаб жана кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жеринде иштеди.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:45те Ленин райондук №6 өрттөн сактоо башкармалыгынан бир, саат 07:52де дагы өрт өчүрүүчү унаа, жалпысынан алты унаа, штаб жеринде иштеген.

Өрттүн себеби иликтенүүдө.

ӨКМ өрт «Кудайберген» базарынан эмес, унаа тетиктерин саткан «Геология» базарынан чыкканын кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты