ӨКМ: Бишкекте 9-кабаттагы үйдөгү өрт автошатынын жардамы менен өчүрүлгөн  

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы “Чыгыш-5” кичи районунда 19-июлда көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатында батирден өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:05те Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, Октябрь районунан автошаты жана штаб тартылган. Үй чыккан көп кабаттуу үйдөн болжол менен 50 адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 12:02де толук өчүрүлдү. Өрттөн батирдин 20 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттөн дене бой жагынан жабыркагандар болгон эмес.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты