ӨКМ: Баткенде сел, Жалал-Абадда жер көчкү жүрдү. Чоң-Кеминде суу ташкын болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча, 10-майда Баткен облусунда сел жүрдү. Жалал-Абадда жер көчкү, ал эми Чоң-Кеминде суу ташкындады.  

10-майда саат 18:00 чамасында жааган жамгырдан улам Лейлек районунун Раззаков шаары, Сумбула, Ак-Суу айыл өкмөтүндө, Сүлүктү шаарында жана Самаркандек айылында сай ичинде сел жүрдү.

10-майда саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган.

Аталган аймакта 28-апрель күнү 1900 м3 жер көчкү жолго түшүп, 29-апрель күнү ачылган.

Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагындагы Тегирменти, Кароол-Дөбө айылдарында сайдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, кооптуу абал жаралган. Саат 21:00гө карата сайдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Тегирменти айылынан жайлоого баруучу унаа жолдогу көпүрөнү алып кеткен. Жерине саат 21:00дө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган.

Башкы сүрөттө: Баткендеги сел. ӨКМ

Сүрөттө: Жалал-Абаддагы жер көчкү. ӨКМ

Видео: Чоң-Кеминдеги суу ташкын. ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты