ӨКМ: Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолуна түшкөн шагыл тазаланууда

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда кечээ, 24-июль күнү саат 12:20 чамасында Балыкчы−Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун Арал–Казарман тилкесине 70000-80000 метр куб кум шагыл аралаш таштар түшүп, унаа жол убактылуу жабылган.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администирация башчысы-акимдин орун басары жетектеген Жарандык коргонуу комиссиясы, №46 өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам топ, №18 жол тейлөө ишканасынан 5 кызматкер, 2 самосвал, 2 жүктөгүч, грейдер, ИИМден 2 экипаж тартылып, натыйжада 5000 метр куб кум шагыл тазаланган.

Ал эми унаа жолдун 296-чакырымында жана Сузак районунун Жоон-Күнгөй айылдарында постор уюштурулган. Бүгүн унаа жолду тазалоо иштерине №18 жол тейлөө ишканасынан 1 автожүктөгүч, автогрейдер, 2 самосвал, экскаватор жана 6 жумушчу тартылды.

Тогуз-Торо районунда кечээ, 24-июлда, саат 12:20 чамасында Балыкчы−Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 283-чакырымына (Капчыгай тилкеси) кум шагыл аралаш таштар түшүп унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты