Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолуна кум, шагыл аралаш көчкү түштү
- 11 месяцев мурун
- Видео
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда бүгүн, 24-июлда, саат 12:20 чамасында Балыкчы−Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 283-чакырымына (Капчыгай тилкеси) кум шагыл аралаш таштар түшүп унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат түштү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары жетектеген жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин №46 бөлүгүнөн ыкчам топ тартылды.
Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №18 жол тейлөө ишканасынан 5 кызматкер, 2 самосвал, жүктөгүч тартылды. Түшкөн кум шагылдын көлөмү болжол менен 37500 метр кубду түзөт. ет.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




