ӨКМ ашуулардагы унаа жолдорго кар көчкү түшүшү ыктымалдыгын эскертти   

  • 2 года мурун

7-марттан 10-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматка караганда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Чапчыма, Талдык, Чоң-Ашуу, Сөөк ашуулары, Чычкан капчыгайы, Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырымы, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 60-110 чакырымы,  Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 98-145 чакырымдарында (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери) кар көчкү жана кар күрткү түшүүсү ыктымал.  

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты