ӨКМ Алайдын Кызыл-Ой айылында жер көчкү коркунучу жаралганын эскертти

Алай районунун Курманжан-Датка айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылында жер көчкү коркунучу жаралып, 14-15 турак жайга кооптуулук туудурууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Маалыматта айтылгандай, анын ичинен 5 үй-бүлө мурда кооптуу аймакта жашагандыгы үчүн 200 миң сом өлчөмүндө ссуда жана жаңы жер тилкесин алган.

Алай райондук өзгөчө кырдаалдар комиссиясы окуяны иликтөө үчүн жеринде иш алып барууда. Мониторинг кызматы жер көчкүнүн динамикасын көзөмөлдөп, кошумча чараларды көрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

ӨКМ 8 турак жайда жашаган 41 жаран убактылуу коопсуз аймакка – туугандарыныкына көчүрүлгөнүн билдирди. Жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш алып барууда.

Жергиликтүү тургундардан өз коопсуздугун сактоо үчүн кооптуу аймактан алыс болуу эскертилди.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты