ӨКМ: 15-17-декабрда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

  • 2 года мурун

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 15-17-декабрда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-декабрдын күндүзү жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жашы күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Айрым жерлерге туман түшүүсү күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши мүмкүн.

16-17-декабрь күндөрү абанын температурасы аймактарда кескин төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн — 12… -17°, күндүзү — 4… — 9°,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн — 11… -16°, күндүзү -3…, — 8°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -10.. -15°, күндүзү 0… -5°

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн — 11…, — 16°, күндүзү — 1… — 6°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20… -25°, күндүзү -5… -10°,

республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн — 15… — 20°, күндүзү -5… -10°,

тоолуу райондордо түнкүсүн -13… -18°, күндүзү -7… -12°,

Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн — 30.. -35°, күндүзү -13… -18° суукка чейин төмөндөйт.

«Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоонуу кыйындатат»,- деп билдирди.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты